Баткенде өспүрүмдөр аралык Куран жарыштары кызуу өткөрүлүүдө

Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабировдун тапшырмасы менен Баткен облусунун район, шаарларында жаш өспүрүмдөр арасында Куран жарыштары өткөрүлүүдө.

Жарыштар хатибияттар тарабынан 17-19-февраль күндөрү Кадамжай, Баткен, Лейлек райондорунда жана Сүлүктү шаарында уюштурулуп, катышуучуларга хатибият жана демөөрчүлөр тарабынан кызыктыруучу белектер тапшырылды.

«Бир хадисте мындай делген: «Силердин эң жакшыңар Куранды үйрөнүп, башкаларга үйрөткөнүңөр». Дагы бир хадисте Куранды көркөм окуган мусулмандар бейиштегилердин эң барктуусу болору айтылган. Куранды окуу, үйрөнүү, ага толук жуурулуштун өзү – мусулман адамдын айтып бүткүс бакыт-сыймыгы. Андыктан жаш муунду Куран окууну үйрөнүүгө кызыктыруу жана ыймандуулукка тарбиялоо максатында Куран жарыштары өткөрүлүп жатат», – деп билдиришти казыяттан.