“Медреседе өспүрүм сабалды” делген окуя боюнча расмий билдирүү

Соңку эки-үч күндөн бери интернетте Ош облусуна караштуу Ноокат районунун “Равза” аттуу медресесинде жаш өспүрүм сабалды деген маалымат тарап жатат. Тилекке каршы, кейиштүү окуяга ар кандай түс берилгендиктен, атайын билдирүү жасоону туура көрдүк.

1) Муфтият аталган окуя боюнча ички териштирүү ишин жүргүзүүдө.

2) Ош облусунда КМДБга (муфтият) караштуу «Равза» аттуу медресе жок экенин кабарлайбыз.

3) Бизге белгилүү болгондой, окуя диний объектиде болгон делген маалымат чындыкка дал келбейт.

4) Жарандарды, журналисттерди жана блогерлерди такталган маалыматтарды гана бөлүшүүгө чакырабыз!