Чоң-Алайдагы жума мечиттерге байкоочу камера орнотулат

Ош облусунун Чоң-Алай районунун баш имам-хатиби Алимбек Маматаминов райондун аймагындагы жалпы жума окулуучу мечиттердин  имамдарына жыйын өттү. Жыйында жума мечиттерине тез арада видео байкоочу камераларды орнотуу жана диний обеъктилердин тазалыгына көңүл буруу тапшырмаларын берди. 

“Мечитке келген ар бир жарандын коопсуздугу үчүн жума окулуучу мечиттерге видео байкоочу камераларды коюшубуз зарыл. Муну менен биз мечитке келген жарандардын коопсуздугун камсыздаган болобуз. Албетте, ар иште этият болуу момундук сапат”, – деди Алимбек ажы Маматаминов.

Жыйындын соңунда Түркия мамлекетинде катталган зилзаладан курман болгондорго Куран окулуп, элдин жана Мекендин тынчтыгы үчүн дуба кылынды.