Иранда өткөн дүйнөлүк Куран жарышта кыргызстандык кары 2-орунду багындырды

Иран Ислам Респуликасында дүйнөлүк Куран жарышы өтүп, ага 80 өлкөдөн карылар катышты. Конкурстун алгачкы туру онлайн суроолордон түзүлүп, финалга 33 өлкө өткөн.

Финал 18-февралдан 22-фералга чейин Ирандын борбору Тегеран шаарында өтүп, жыйынтыктоо аземине Ирандын президенти Аятулла Саййид Ибрахим Раиси катышты. Дүйнөлүк Куран жарышта кыргызстандык Мухаммадяр кары Курбанбеков экинчи орунду камсыздады.

Атайын критерийлер боюнча өткөн конкурстун жыйынтыгы төмөнкүдөй болду.

Мырзалар арасында Куранды кооз тартил, тажвид жана макоомат менен окуу боюнча:

1-орун – Мухаммад Жавад, Иран Ислам Республикасы;

2-орун – Курбанбеков Мухаммадияр кары, Кыргыз Республикасы;

3-орун Исмаил Хамдан, Ливан.

Кыраат боюнча:

1-орун – Амир Хусейн, Иран Ислам Республикасы;

2-орун – Саййид Амир, Афганистан;

3-орун – Абдуллах Фикрий, Индонезия.

Куранды жатка окуу боюнча:

1-орун – Сина Тоббахий, Иран Ислам Республикасы;

2-орун – Абдулалим Абдурахим, Кения;

3-орун: Шейх Махмуд Хасан, Бангладеш.

Айымдар арасында Куранды кооз тартил, тажвид жана макомат менен окуу боюнча:

1-орун – Фатима Асгарзаде, Иран Ислам Республикасы;

2-орун – Лейла Арафе, Ливан;

3-орун – Амина Шерзод, Афганистан.

Куранды жатка окуу боюнча:

1-орун – Амина Ибрахим, Гана өлкөсү;

2-орун – Хажир Мехралаян, Иран Ислам Республикасы;

3-орун – Несрин Залидий, Алжир.

Учурда Мухаммадяр кары Бишкек шаарындагы Ак-Мечит шаарынын имам-хатиби, «Куран ордо» диний уюмунун директору. Биз вице-чемпион менен кыскача маектешүүгө үлгүрдүк.

Ассаламу алейкум, Мухаммадяр кары! Жеңишиңиз кут болсун!

— Ыракмат. Алла баарыбыздан ыраазы болсун.

Сынакка кандайча катышып калдыңыз?

— «Биз сынак боюнча эки ай мурда интернеттен көрүп, конкурс талабындай видео жөнөткөнбүз. Көп өтпөй уюштуруучулар экинчи турга өткөнүбүздү кабарлап, ватсапптан түз аудио окуп жөнөтүүнү суранышты. Башкача айтканда, студияларда окулгандарды, үнү жасалгандарды кабыл албай, табигый үнгө басым жасашты. Критерийлер да татаал болду. Тажвид, тартил, макоомат, үн, вакф, ибтида ж.б. талаптарга ылайык колдон келишинче окуп жөнөттүк. Кийин финалга өткөнүбүздү билдиришип, билет алып беришти. Ошентип катышып калдык. Ошол учурда жарышка кеткенибизди эч кимге маалымдаган жокпуз. Алдыда оор жарыш күтүп турган эле. Анын үстүнө тартындык. Ошентип Алланын каалоосу менен байгелүү орун алдык.

Финал да оор болгон чыгар.

— Ооба. Баары ачык-айкын болду. Ал тургай кезек боюнча да электрондук номер менен чыктык. Ким качан кайсыл маалда чыгышы боюнча чүчүкүлак кармалды. Мусабака (жарыш, –ред.) 5 күн бою созулду. Ошол күнгө чейин абдан тынсызданып, эшикти бекитип алып тынымсыз даярданып аттым. Ошентип биз чыгар күн да келди. Жарышка чыгарда гана Курандын кайсы бетинен окуурум айтылды. Оор жеринен туура келди. Узун-узун аяттар. Бийик секиде окугандыктан, өз үнүм өзүмө угулган деле жок. Бирок Алланын колдоосу менен жакшы окудук. Менден кийинки 9-номурда чыккан ирандык кары да аябай мыкты окуду. Ливан жана Тажикстан да аябай жакшы окушту. Жыйынтыгында 1-орун Иранга, 2-орун бизге, 3-орун Ливанга насип кылыптыр.

Калпак менен катыштыңыз. Улуттук баш кийимибиз болгон калпак көзгө абдан жылуу учурады…

— Ооба. Калпак менен отурганыбыз көпчүлүккө кызыгуу туудурду. Журналисттер сынак жүрүп атканда да, бүткөндө да сүрөткө тартып атышты. Ал тургай дүйнөлүк Куран жарышынын жыйынтыгы боюнча маалыматтардын башкы сүрөтүнө да биздин калпакчан сүрөтүбүз коюлду. Телепрограммага чакырылып, конок катары катыштык.

Дагы бир жолу жеңишиңиз кут болсун! Куранга, исламга, ак калпак кыргыз элине талбай кызмат кыла бериңиз.

— Сиздерге да ыракмат. Азирети Муфтийибиз Замир кары башында турган муфтиятка ыраазычылык билдирем.