Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү илимий сапар менен Баткен облусуна келишти

22-24-февраль күндөрү Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары, КИУнун ага окутуучусу Кенжетай ажы Курманходжаев, Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү Халилиддин ажы Исаков жана Абдималик ажы Турсунбековдордон турган топ илимий иш сапары менен Баткен облусуна келип, дин кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу алкагында Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорундагы жалпы имамдарга Ханафи мазхабы жана Матуриди акыйдасы боюнча сабактар уюштурулду. Ошондой эле мечитке келген элге ислам динине тиешелүү бир катар темалар боюнча маалыматтар айтылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чара Аалымдар кеңешинин №1 токтомунун негизинде Баткен облустук мусулмандар казыяты тарабынан дин кызматкерлерине матуридилик акыйдасын тереңдетип окутуу максатында өткөрүлдү.