Баткен казыятынын аялдар бөлүмү «Апам жапкан нанды сагындым» аттуу акция өткөрдү

Баткен казыятынын аялдар бөлүмү тарабынан «Апам жапкан нанды сагындым» аттуу акция өткөрүлдү. Акциянын алкагында Баткен казыятынын аялдар жамааты Ак-Сайдагы жоокерлерге тандырга нан жаап беришсе, Баткендин лидер айымдары азык-түлүк белектерин ыйгарып, жоокерлерди майрамдык маанай тартуулашты.

«Акциянын таасирленген азаматтардын кубанчында чек жок, маанайлары жогору болду. Ыраазычылыктарын билдирип жатышты. Мекенибиздин тынчтыгы жана бейпилдиги үчүн бүт өмүрүн арнаган мекен сакчыларына Жаратканым күч-кубат, бекем ден-соолук берсин», – дейт Баткен казыяттынын аялдар менен иштөө адиси Уулкан  Дүйшеева.

Белгилей кетсек, аталган саамалык 23-февраль – Ата Мекенди коргоо күнүнө карата уюштурулган.