Алибек ажы Жусупов Аравандагы ажылыкка каттоо иштеринен кабар алды

Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов Араван районундагы 2023-жылкы ажылыкка каттоо иштеринен кабар алды. Райондук хатибияттын иши менен жеринде таанышкан облус казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов төмөнкүлөргө токтолду:

«Ажылыкка каттоо иштери башталгандан бери облус аймагындагы райондук операторлор эс алуу күнүнө карабай иштеп жатышты. Быйылкы жылкы ажылыкка баруу үчүн көптөгөн жарандар баштапкы акчалай каражатын төгүшкөн. Болочок ажыларды каттоо иштеринде талыкпай кызмат кылган операторлорго ийгилик каалайбыз».

Эскерте кетсек, облус казысынын орун басары Алибек ажы райондук операторлордун иштери менен таанышууда. Буга чейин Кара-Суу жана Ноокат райондук хатибиятынын операторлорунун иштерин текшерген.