ФОТО: 80 өлкөнүн ичинен 2-орунду багынткан Мухаммадяр кары Курбанбековду Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев тосуп алды

Иран Ислам Республикасында өткөн дүйнөлүк Куран жарышында  Куранды кооз тартил, тажвид жана макоомат менен окуу боюнча 80 өлкөнүн ичинен 2-орунду багынткан Мухаммадяр кары Курбанбековду бүгүн, 25-февралда “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев баштаган Дин башкармалыктын кызматкерлери, Мухаммадяр карынын ата-энеси жана жакындары тосуп алышты. 

Азирети Муфтийдин биринчи орун басары бул жеңиш кыргыз эли үчүн чоң сыймык экендигин баса белгилеп, өлкөбүздө Куранды мыкты жаттаган жаштардын көбөйүүсү ыймандуу коомдун түзүлүшүнө өбөлгө экенин билдирди.

«Өлкөбүздө 1990-жылдардан тарта эле Куранды жат билген карыларыбыз дүйнөлүк жарыштарга катышып, биринчи орундарды багынтып келет. Бул жеңиш кыргыз элинин жеңиши, өлкөбүздүн таанылышы. Спорт чеберлерибиздин жана Куранды жат билген карылардын дүйнө жүзүндө туубузду көтөрүп келиши мамлекетибиз үчүн чоң жетишкендик», – деди Самидин кары Атабаев.

Ал эми Мухаммадяр кары Курбанбеков бул жарышка кылдат даярданып, бар күчүн жумшагандыгын билдирди.

«Албетте, жеңиш оңой эле келбейт. Куран жарышына кылдаттык менен даярданып, өзүмө бир топ тажрыйба топтодум», –деди Мухаммадияр кары Курбанбеков.