Кара-Кулжа районунда ыксыз чыгымдарды кыскартууга багытталган жыйын өттү

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун райондук администрациясында КР Президентинин №54 жарлыгын иш жүзүнө ашыруу алкагында жыйын болуп өттү.

Ага райондун акиминин орун басары Муса Кулубаев, райондун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев жана айыл өкмөт башчылары катышты.

Жыйындын жүрүшүндө КРнын Президентинин “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” №54 жарлыгын иш жүзүнө ашыруу боюнча жүргүзүлгөн аракеттер талкууланып, мындан ары да алгылыктуу иштерди жасоо пландалды.

«Ысырапкорчулуктун кесепеттери боюнча жарлык чыкканга чейин да элге түшүндүрүлүп келген. Президентибиздин жарлыгы чыккандан кийин бул ишке көбүрөөк көңүл бурулуп, бир топ жакшы иштерди жасадык. Элибиз да айтылган насааттарды туура кабыл алып, максатсыз чыгымдардын алдын алуу иштеринде көмөкчү болушту», – деп билдирди Дастан ажы Мамаев.