Өлкөдөгү диний окуу жайлардагы акыйда мугалимдеринин квалификациялык билимин жогорулатуу семинары башталды

Бүгүн, 27-февраль күнү Бишкек шаарындагы «Биринчи кадам» мекемесинде диний окуу жайлардагы (ДОЖ) акыйда устаздарынын квалификациялык билимин жогорулатуу боюнча 7 күндүк окуу семинары башталды. Ысык-Көл, Нарын, Талас, Чүй облустары жана Бишкек шаарында эмгектенген устаздарга багытталган семинарда Тахавия акыйдасынын Абу Хафз Сиражидин аль-Газнавийдин шархы боюнча сабак өтүлөт.

«Мусулмандардын биримдигин, ынтымагын камсыздоо жана мамлекетибиздин бүтүндүгүнө салым кошуу максатында Муфтият менен биргеликте жер-жерлерде окутууларды өткөрүп келебиз. Мударристерибизди бир көз карашка бириктирип, бир туунун алдында топтоп, төл акыйдабызды көтөрүүнү максат кылып жатабыз», – деп билдирди Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдыманап кары Масалиев.

Саамалыктын Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин №1 токтомунун негизинде диний окуу жайларда матуридилик акыйдасы боюнча тереңдетип окутуу тапшырмасына ылайык өткөрүлүп жатканын айткан КМДБнын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов семинардын өзгөчөлүктөрүнө токтолду:

«Матуридилик акыйдасы боюнча 7 күнгө созулган атайын окутууну баштап атабыз. Буюрса, жакынкы аралыкта Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары жана Ош шаарындагы акыйда мугалимдерин да окутабыз. 56 сааттык окуу семинарын аяктаган мударристерге сертификат берилет».