Ысык-Көлдүн имамдарына 1 күндүк семинар өткөрүлдү

Ысык-Көл районунун Григорьевка айылында имамдар үчүн 1 күндүк семинар уюштурулду. Бул туурасында райондук баш имам-хатиб Максат Сейталиев билдирди. Аталган семинардын негизги темасы акыйда маселеси болуп, этикад ар бир мусулманга өтө зарыл маселе экендиги баса белгиленди. Семинар Григорьевка айылынын борбордук мечитинде кечээ, 26-февраль күнү өткөрүлүп, райондогу имамдар толугу менен катышты.

“Абу Катада (разияллооху анху) атасынан риваят кылат: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Кимде-ким Аллах жалгыз жана Мухаммад (саллаллооху алайхи ва саллам) Аллахтын элчиси деп, анын тили ушул менен алек болсо жана көп айткандан жүрөгү тынч болсо, аны тозоктун оту жебейт» (Байхаки) демекчи, учурда акыйда маселеси өтө зарыл жана бар ишенимди Жаратканга буруу, ошол нерсени карапайым айыл тургундарына жеткирүү биздин бирден бир жоопкерчилигибиз. Семинарга катышкан имамдарыбызга айылдарда ушундай сабактарды уюштуруу жоопкерчилиги тапшырылды”, – дейт баш имам-хатиб Максат Сейталиев.