Базар-Коргондук жеке ишкерлер мечитке Куран китептерин белек кылышты

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарында жайгашкан «Ибрагим Али» мечитине Ыйык Куран, Куран алиппесине киришүү жана сияр китептери белек кылынды. Бул тууралуу «Ибрахим Али» мечитинин имам-хатиби Икрамов Нармамат ажы билдирди:

«Адатта белек берген адамдар белекти бир үмүт менен беришет. Ал үмүттө дүйнөлүк же акыреттик кызыкчылыктар болот. Бирок көптөгөн адамдар берген белеги үчүн арзыбаган дүйнөлүк кажеттери бүтсө эле болду дешет. Ал эми берген белегинин жакшылыгын акыретте аламын дегендер коомдун эң жакшы адамдары десек жаңылбайбыз. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарында бардык шарты төп келишкен «Ибрахим Али» жума мечити бар. Мечит Базар-Коргондон чыккан чыгаан аалым, маркум, Чубак ажы Жалилов көчөсүндө жайгашкан. Аны куруп элге пайдаланууга берген инсанга ар дайым ыраазычылык билдиребиз».

Каалоочулардын Куранга болгон кызыгуусун, илимге берилип суусаганын көргөн Алмазбек Көчкөнбай уулу жана Кубанычбек Жоомартбек уулу аттуу ишкерлер мечиттин окучулары үчүн 20 даана Куран китептерин жана 40 даана Куран алиппесин, ошондой эле ислам тарыхы китептерин вакфка (жеке менчикке өтүп кетпей турган түбөлүктүү сооп амал) өткөрүшкөн.

“Бул биз үчүн эң кымбат, баа жеткис белек болду. Куран үйрөнүүчүлөр аны ачып окуган сайын вакф ээсине эселеген сооптор барып турат. Китеп белек кылган агаларыбызга ыраазычылык билдиремин. Аллах кылган жакшы амалдарын кабыл кылып, элибиздин, жерибиздин кызматында болушту насип этсин. Мындай жакшы амалдардан кылууну Жараткан Алла баарыбызга насип кылсын!”, – деди Нармамат ажы.