Ысык-Көлдүн баш имам-хатиби “Ислам Нуру Ясин” аялдар борборунун ишмердүүлүгүнөн кабар алды

Ысык-Көл районунун баш имам-хатиби Максат Сейталиев Григорьевка айылындагы “Ислам Нуру Ясин” аялдар борборун зыярат кылды.

“Аталган борбор өз ишин активдүү жүргүзүүдө. Биздин бүгүнкү зыяратыбыздын максаты, аталган борбордо окуп жаткан аялдарга cүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммаддын (с.а.в.) өмүр баяны туурасында сабак кылып, маалымат лекциясын өткөрүү”, – деди Ысык-Көл районунун баш имам-хатиби Максат Сейталиев.

Максат Сейталиев аялдар, кыз-келиндер арасында экстремисттик идеологияны жайылтуунун алдын-алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү багытында активдүү иш жүргүзүп, эже-карындаштарды чогултуп, зарыл темалар боюнча сабактарды өткөрүп туруу керектигин белгиледи.

“Ислам Нуру Ясин” аялдар, кыз-келиндерди окутуу борбору райондук хатибияттын алдында уюштурулган Куран жаттоо борборунда активдүү иш алып барууда.

Белгилей кетсек, “Ислам Нуру Ясин” аялдар, кыз-келиндерди окутуу борбору Аялдар, кыз-келиндер менен иштөө, алардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында уюштурулган.