Лейлекте 13 жашка чейинки балдар арасында Куран жарышы өтүп, жеңүүчүгө уюлдук телефон берилди

Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нурдин ажы Мамасабировдун тапшырмасы менен Лейлек районунун Раззаков шаарында 13 жашка чейинки балдар арасында 30-пара боюнча Куран жарышы болуп өттү.

Сынакка  70 тен ашуун 13 жашка чейинки катышуучулар катышып, алдыңкы орунга ээ болгондор баалуу белектерге ээ болушту. Калыстар тобунун чечимине ылайык, жыйынтык төмөнкүдөй болду:

1- орунду ээлеген Ризван Мурзапапов, уюлдук телефон жана мактоо баракчасы;

2- орунду ээлеген Анас Гапаралиев, чоң велосипед жана мактоо баракчасы;  

3-орунду ээлеген Халид Маннанов, велесипед жана мактоо баракчасы;

4- орунду ээлеген Сүйүнбек Юсупов, чач алуучу машинка жана мактоо баракча;

5-орунду ээлеген Исхак Курбанов, чач алуучу машинка;

6-орунга татыган Ясин Убайдуллаев, чач алуучу машинка.

“Пайгамбарыбыз Мухаммаддын (с.а.в) хадисинде, “Силердин эң жакшыңар Куран үйрөнүп, аны башкаларга үйрөткөнүңөр”, – деген. Бүгүн Куран жаттаган ушунча жаш өспүрүмдөрдү көрүп жүрөгүм жылып, ичимден сүйүнүп олтурам. Себеби биздин келечек муундарыбыз ушул жаштар. Куран бар жерде береке бар, мээримдүүлүк бар, ырайым бар”, – деп айтты өз куттуктоосунда Лейлек районунун баш имам-хатиби Сейитбек ажы Полотов.