Ала-Бука, Чаткал райондорунун диний кызматкерлерине ханафи мазхабы боюнча сабак уюштурулду

Бүгүн, 28-февраль күнү Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажыЖээнбековдун ташырмасы менен казынын орун басары Алибек ажы Батыралиев Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун борбордук “Мухаммед Захид” мечитинде Ала-Бука, Чаткал райондорунун имамдарына сабак уюштурду. Сабакка райондордун баш имам-хатибдери Шумкар ажы Чыналиев, Кубаныч ажы Токонов жана жооптуу имам-хатибдери, жума мечиттин имам-хатибдери жана имамдар болуп, жалпысы 53 имам катышты.

Сабак негизинен имамдардын коомдогу орду жана милдеттери; нике, талак маселелери; мазхаб кармануу жана үй-бүлө институтун бекемдөө темалары боюнча өтүлдү.

Сабакка катышкан имамдарга нике кыюунун шарттары, талаптары ханафи мазхабы боюнча кеңири түшүндүрүлдү. Казынын орун басары Батыралиев Алибек ажы учурда катталып жаткан үй-бүлөлөрдөгү ажырашуунун алдын алуу жана аны кыскартуу боюнча шарияттын негизинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл экендиги белгилөө менен төмөнкүлөргө токтолду:

“Имамдардын коомдогу орду жана милдеттери абдан маанилүү. Имамдын адеби, жүрүм- туруму, сүйлөгөн сөзү, кылган амалы баары шарият талаптарына жооп берип, коомдун алдында да үлгүлүү болуусу керек”.

Алибек ажы Батыралиев көчмө сабак мындан ары да уланарын кошумчалады:

“Ушул сыяктуу кыдыруу менен сабак, лекция, семинарларды облустун бардык район-шаарларында өткөрүүнү иш-планыбызга киргизгенбиз. Буйруса, облусубуздагы райондорго аз дегенде квартал сайын ирети менен барып, жалпы диний кызматкерлерди чогултуп сабак уюштуруп, суроолоруна жооп берип тыгыз иш алып барабыз”.