Баш калаа имамдарына орозого жогорку деңгээлде даярдык көрүү тапшырмасы берилди

Бүгүн, 28-февраль күнү Бишкек шаарындагы Борбордук мечитте баш калаа имамдарына жыйын өткөрүлдү. Жыйынга Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев, Бишкек шаарынын казысы Шакир ажы Маматов баштаган ордо калаа казыятынын аппараты жана шаардагы дин кызматкерлери катышты.

Самидин кары Атабаев 11 айдын султаны – Рамазан айын жогорку деңгээлде тосуп, мыкты узатуу тапшырмасын берди.

«Шарапаттуу орозо айына аз эле убакыт калды. Рамазан-ы шарифти жогорку деңгээлде тосуп алалы. Таравих намаздарында ар мечитте ар күнү бир пара окутууга аракет кылалы. Мурда карыларыбыз жетишпегендиктен, карылар 3-5 күндө эле хатм кылып, башка мечиттерге өтчү. Азыр кудайга шүгүр, карыларыбыз көп. Орозодо куттуу мекенибизде жагымдуу руханий маанай жаратып, ар бир мекендештин Рамазан шаңын сезишине өбөлгө түзөлү», – деп билдирди Самидин кары.  

Муфтийдин орун басары Рамазан күндөрү Муфтияттын «Биз менен ооз ачыңыз» акциясын жайылтууну, муктаждарга ифтарлык баштыктары жана мээримдүү конверт уюштурууну, мечиттерде тазалыкты камсыздап, килем-паластарды бир сыйра жууп-тазалашты милдеттендирди. Ошондой эле ысырапка каршы ырааттуу иш алып барууну, фанатизм жана экстремизмге каршы турууну, дүйнөнүн, анын ичинде өлкөнүн тынчтыгы үчүн дуба кылууну табыштады.

Белгилей кетсек, Азирети Муфтий Замир кары Ракиевдин протоколдук тапшырмасына ылайык, өлкө аймагындагы мечиттерде Рамазанга даярдык көрүү иш-чаралары башталды.