2023-жылдагы ажылардын кемселин (жилет) ОсОО “Шаң стиль” ишканасы тигип берет

2023-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабы Кыргызстандык ажыларга жайкы кемсел (жилет) тигүүчүлөр ортосунда конкурс өткөрүп, кездеменин курамына, кийимдин тигилишине, дизайнына, өңү-түсүнө жана сапатына баа беришти. Конкурстун жыйынтыгында ажылыкты уюштуруу штабы  ажыларга кемсел (жилет) тигүү боюнча ОсОО “Шаң стиль” ишканасын тандап алды.

Эскерте кетсек, 25-январдан 17-февралга чейин ажылык сапарында ажылар кийүүчү жайкы кемселин (жилет) тигүүчү тараптарга конкурс жарыяланып, натыйжада сынакка катышуу үчүн  5 ишкер документ тапшырган.