Ош шаарынын казысы Түркия мамлекетиндеги издөө-куткаруу иштерине тартылган куткаруучулар менен жолукту

Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башчысы Алтынбек Абылаев жана Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын командиринин оорук боюнча орун басары, подполковник Иляс Усенбаев менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президентинин буйругу менен министр Боолбек Ажикеевдин коштосунда Ош шаарынан Түркия мамлекетине издөө-куткаруу иштерине барып келген куткаруучулар менен жолукту.

Жолугушууда калаа мусулмандарынын казысы Кыргыз мамлекетинин боордошчулдугун, тууганчылдыгын көрсөтүп, Түркия элине издөө-куткару иштерине барып келген куткаруучуларга Азирети Муфтийдин, жарандардын, казыяттын жана өзүнүн атынан ыраазычылык айтып өттү.

Жолугушуу соңунда Мирланбек ажы Токтомушов Кыргыз өлкөсүнүн тынчтыкта, биримдикте болушун тилеп, куткаруучуларга баалуу китептерди белек кылды.