Азирети Муфтий башында турган аалымдардын Агартуу кербени Нарын облусунда эл менен жолугушат

2023-жылдын 3-март, жума күнү Нарын облусунун Кочкор, Жумгал, Ат-Башы жана Ак-Талаа райондоруна КМДБнын Азирети Муфтийи Ракиев Замир кары Ракиев жана Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдуманап кары Масалиев баш болгон аалымдардан турган жоон топ делегация АГАРТУУ КЕРБЕНИ иш-чарасынын алкагында Нарын облусуна барат.  

Агартуу кербени иш сапарынын программасы:

Кочкор районунда:

Кочкор районунун “Айша” атындагы борбордук мечитинде Азирети Муфтийдин жума хутбасы. Бардык мечиттерде жума хутбасында “Элдин биримдиги – Мекен тынчтыгы” деген теманын алкагында болот.

Кочкор айылындагы “Ак-Мечит” аттуу мечитинде Аалымдар кеңешинин төрагасынын жума хутбасы.

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында эл менен жолугушуу жыйыны.

15:00 – 15:10 Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Абдыкаров Тойгонбай Жоробаевич доклад жасайт.

15:10 – 15:40 Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин “Ысырапкорчулукту жоюу” деген темада баяндамасы.

15:40 – 16:00 Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдуманап кары Масалиевдин “Салттуу исламдын олуттуулугу” деген темада баяндамасы.

16:00 – 18:00 гө чейин жыйын суроо-жооп иретинде улантылат. Коомчулуктун кызыктырган суроолоруна Азирети Муфтий жана АКнын төрагасы жооп берет.

Жумгал районунда:

15:00 – 15:30 Азирети Муфтийдин орун басары Асан ажы Сыргабаевдин “Ысырапкорчулукту жоюу” деген темада баяндамасы.

15:30 – 16:00 Аалымдар кеңешинин мүчөсү Кызыр ажы Жээнбековдун “Салттуу исламдын олуттуулугу” деген темада баяндамасы.

16:00 – 18:00 гө чейин жыйын суроо-жооп иретинде улантылат. Коомчулуктун кызыктырган суроолоруна Азирети Муфтийдин орун басары жана АКнын мүчөсү жооп берет.

Ат-Башы районунда:

15:00 – 15:30 Азирети Муфтийдин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиевдин “Ысырапкорчулукту жоюу” жана “Салттуу исламдын олуттуулугу” деген темаларда баяндамасы.

15:30 – 16:00 Аалымдар кеңешинин мүчөсү Эмилбек ажы Асылбековдун “Матуриди акыйдасынын зарылдыгы” деген темада баяндамасы.

16:00 – 18:00 гө чейин жыйын суроо-жооп иретинде улантылат. Коомчулуктун кызыктырган суроолоруна Азирети Муфтийдин орун басары жана АКнын мүчөсү жооп берет.

Ак-Талаа районунда:

15:00 – 15:30 Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын фатва жана диний адабияттар бөлүмүнүн башчысы Султанали ажы Гапуровдун “Ысырапкорчулукту жоюу” деген темада баяндамасы.

15:30 – 16:00 Аалымдар кеңешинин мүчөсү Жеңиш ажы Курбановдун “Салттуу исламдын олуттуулугу” деген темада баяндамасы.

16:00 – 18:00 гө чейин жыйын суроо-жооп иретинде улантылат. Коомчулуктун кызыктырган суроолоруна Султанали ажы Гапуров жана АКнин мүчөсү жооп берет.