Нарын казыятынын кызматкерлери жаш өспүрүмдөргө адеп-ахлак баалуулугу боюнча маалымат беришти

Нарын шаарындагы М.Рыскулов атындагы драм-театрында жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукка жана балдар арасындагы зордук-зомбулукка жол бербөө максатында облустук деңгээлде чогулуш болуп өттү. Чогулушка Нарын ОИИБнин башчысы Канат Жумагазиев, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Андабеков, Нарын облусунун казысынын орун басары Кумарбек Орозалиев, Нарын районунун баш имам-хатиби Рустам Чыров, Нарын шаардык прокуратурасынан Айзада Иманкулова жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Жыйында улан-кыздар арасындагы зордук-зомбулук тууралуу сахналаштырылган спектакль коюлуп, келген коноктордун суроолоруна жооп берилип, соңунда үгүт-насаат сөздөрү айтылды.

«Окуган адам кылмыштуулуктан алыс болот. Окуучу жакшы нерсе менен алек болбосо, жаман нерсе менен алек болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан окуучулук кезде болушунча билим алып, кылмыштуулуктан алыс болууга чакырат элем»,– деди Кумарбек Орозалиев.

Иш-чарага катышкан окуучулар казыят кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, алардын диний баяндары себептүү кылмыштуук азайганын айтып, мындан кийин да тез-тез келип турууларын өтүндү.

Эскерте кетсек, облустук казыяттын кызматкерлери буга чейин казы тарабынан бекитилген графиктин негизинде атайын кербен уюштуруп, айыл мектептериндеги окуучуларга таалим жана шыктандыруучуу сабактарды өтүп келет.