Манас районунда 50 аз камсыз үй-бүлөгө тамак-аш баштыгы таратылды

Манас районунун баш имам-хатиби Миржалал ажы Дадабаевдин демилгеси менен 50 аз камсыз үй-бүлөгө тамак аш таратылды. Кайрымдулук иш-чара Манас районунун 5 айылында ишке ашылырылып, муктаж жарандардын үйлөрүнө имамдар аркылуу жеткирилип берилди.

«Бул кайрымдуулук иши бизде салтка айланып алды. 2 жылдан ашты буйруса. Ай сайын райондун 5 айылына таркатып жатабыз. Кийинки айда башка 5 айылга таркатылыт. Кайсыл айылдардын кезеги келген болсо, ошл айылдардын имамдары муктаж үй-бүлөлөрө жеткирип беришет. Бул сапар ар бир пакеттин баасы 2500 сомдон айланып, керектүү тамак-аштар салынды. Ай сайын 50 үй-бүлөнүн алкышын алып садака кылып жаткан демөөрчү инсандарга ыраазычылык билдиребиз», – деди Манас районунун баш имам-хатиби.