«Апиза эне» ислам институтунда «Мекенди сүйүү – ыймандан» аттуу иш-чара өткөрүлдү (фото)

“Ак калпак жана улуттук кийимдер күнүнө” карата Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Апиза эне» ислам институтунда атайын иш-чара уюштурулуп, ага КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери, окуу жай ректору Абдирашит ажы Батыров, устаздар жана студенттер катышты.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Гимнин ырдоо, Куран окуу менен башталды.

КР ДИМКнын өкүлдөрү жана окуу жайдын ректору Абдирашит ажы Батыровдор Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз жараны» жана «Улуттук нарк» жөнүндө жарлыктары, мекенчилдик, улуттук баалуулуктар, мамлекеттик символикалар, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат: укуктар жана милдеттер, 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясынын артыкчылыктуу багыттары, ханафи мазхабы, матуруди акыйдасы, КРнын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдар жана алардын негизги максаттары, жаштардын радикалдашуусуна себеп болгон факторлор, ысырапкерчиликтин кесепеттери жана анын социалдык-экономикалык жагдайга тийгизген таасирлери боюнча баяндамаларды жасашты.

Катышуучулар тарабынан берилген суроолорго ынанымдуу жооптор берилди.

Иш-чара соңунда институт ректору Абдирашит ажы Батыров жалпы студенттерге, ДИМК ТАБнын кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар” жөнүндөгү Жарлыгын түшүндүрүп, ысырапкерчиликтен алыс болууга багыт берди. Аны менен катар студенттерди ынтымакта болууга жана Мекенди сүйүүгө чакырды.