Кумарбек Орозалиев: «Илим – адам акылын нурдантат»

Нарын облусунун казысынын орун басары Кумарбек Орозалиев Нарын шаарындагы М.Мырзабеков атындагы  №87 кесиптик лицейинин окуучулары менен жолугушту. Жолугушууда балдар арасындагы илим-билимдин солгундашы, жигиттик касиеттин түшүп бараткандыгы тууралуу сөздөр айтылды.

«Алсыз мусулманга караганда, алдуу мусулман Алла алдында сүйкүмдүү болот. Ошол себептен эркектер ар качан кубаттуу болушу керек. Кубаттуулук адамдын физикалык жактан сулуу кыла турган болсо, илим кубаттуулугу адамдын акылын нурдантат. Элибизде, «билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат» деген сөз тегин жерден айтылган эмес. Андыктан убактыңарды текке кетирбей, илим-билим ала турган убакта аны болушунча алып алгыла. Себеби бүгүнкү күн эртең кайтып келбейт. Убагы өткөндөн кийин бармак тиштеп өкүнүп калбагыла», – деди Кумарбек Орозалиев.