Лейлекте аялдарга салттуу матуридилик жана ханафилик боюнча маалымат берилди

Лейлек районунда аялдарга ханафи мазхабы жана матуриди акыйдасы тууалуу маалыматтык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чарага  Лейлек  районунун  баш  имам-хатиби  Сейитбек  ажы Полотов, “Катабек  М2” мечитинин имамы Кубатбек Абдыгапар уулу, Лейлек районунун аймагында райондук ички иштер бөлүмүнүн экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери  жана 100 гө жакын аялдардын катышуусунда өткөрүлдү.

Иш-чара суроо-жооп форматында уланып, адистер катышуучулардын түрдүү суроолоруна жооп берди.

“Ата-бабаларыбыз ханафи мазхабын жана матуриди акыйдасын кармап келген. Ошондой эле бүгүнкү күндө мусулмандар үчүн салтуу динди кармануу ушул багытта гана сабак алуу зарыл. Анткени аялзаты динге бекем болсо, биздин келечек урпактарыбыз динге бекем болот. Аялзаты динден алыс болсо, келечек урпактарыбыз динден алыс болот”, – деди Лейлек районунун баш имам-хатиби Полотов Сейитбек ажы.