Муфтияттын Россиядагы өкүлчүлүгү Түркия жана Сириядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга 455 000 рубль чогултуп, Москва шаарындагы элчиликтерге тапшырды

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын  Россия Федерациясындагы өкүлү Сүйүнбек ажы Жусубалиев Түркия жана Сириядагы жер титирөөдөн улам жабыркаган жарандарга 455 000 рубль акчалай жардам тапшырды. Каражат мекендештерден чогулуп, эки мамлекеттин элчиликтерине берилди.

«Москва шаарындагы Түркия жана Сирия мамлекеттеринин элчиликтерине зыярат кылып, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин саламын жолдоп, мекендештерден чогулган акча каражатын тапшырдык. Муну менен катар  аялзатына керектүү кийим-кечелерге  муктаждык болгондуктан кошумча сатылып алынды»,-деди КМДБнын Россиядагы өкүлү.

Жалпысынан  Түркия элчилигине 200 000 рубль тапшырылса, Сирия элчилигине 155 000 рубль жана 100 000 рублга кийимдер сатылып алынган. Ошондой эле айрым мекендештер  жылуу кийим-кечелерди жардам катары Муфтияттын Россиядагы өкүлчүлүгүнө алып келишкен.   

«Азирети Муфтий Замир кары Ракиев баштаган демилгеге Россияда эмгектенип жүргөн мекендештер дагы четте карап тура алган жок. Колдорунан келишинче акчалай жана кийим-кече жагынан жардам колдорун сунушту. Кыргыз элим кандай кайрымдуу эл экендигине бүгүн дүйнө таң калууда. Биз ар дайым биримдикте болгондо дагы алдыга жылып, өнүгөбүз»,-деди Жусубалиев.