ФОТО: Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү жана муфтият кызматкерлери «Агартуу кербени» иш-чарасынын алкагында Нарын облусуна барышты

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү жана муфтият кызматкерлери «Агартуу кербени» иш-чарасынын алкагында Нарын облусунун Кочкор, Жумгал, Ат-Башы жана Ак-Талаа райондоруна  барышып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жай тургундар менен жолугушту.  Аалымдардын жоон тобу ысырапкорчулук, терс диний агымдардын алдын алуу, ыйык орозо айына даярдык көрүү темаларында баяндамаларды жасашты.

Муну менен катар Ханафий мазхабы, Матрудий акыйдасы, ыйман жана адептүүлүк, улуттар арасындагы достукту бекемдөө, жол эрежесин сактоо, коррупция менен күрөшүү, мектеп окуучулары арасындагы рекетчиликтин жана өз өмүрүнө кол салууну токтотуу жана коомчулукта болуп жаткан ар кандай терс көрүнүштөрдү болтурбоо багытында түшүндүрүү, агартуу иштери жүргүзүлдү.