Аалымдар кеңешинин төрагасы жана Азирети Муфтий Кочкор районунун акими Эрмекбай Омошев менен жолугушуп, диний кырдаал жана ысырапкорчулук маселесин талкуулашты

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдыманап кары Масалиев, Азирети Муфтий Замир кары Ракиев жана Нарын облусунун казысы Эрик ажы Молдокулов Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким  Эрмекбай Омошев менен жолугушту.

Эки тараптуу жолугушууда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын жана КМДБ тарабынан чыгарылган «Маркумду узатуудагы ысырапкорчулуктун алдын алуу» жөнүндө №1 фатвасын элге туура жекирүүнү талкуулашты.

«Ислам шариятында маркумду акыркы сапарга узатууда сөөк чыккан үйдө 3 күнгө чейин казан асып мал союлбайт, тамак берилбейт, сөөк чыккан үйдүн кошуналары ошол үйдөгүлөргө көңүл айтып, туугандары тамак алып келип туруусу жакшы иш. Бул кошуналардын жана туугандардын милдети. Жакын адамын жоготуп, кайгыга батып турган маркумдун жакын туугандарынын малын союп, аларга тамак жасатып, жеп олтуруу шариятка туура келбейт (макрух). Маркумдун артында чыркырап балакат жашына жете элек жетимдер калган болуусу мүмкүн. Мындай учурда жаназага келгендерге мал союп тамак-аш уюштуруу арам болот. Мына ушуну калкыбызга туура түшүндүрүп, колунда барлар болсо кайрымдуулук иштерине жумшоого чакырык жазасак»,-деди Азирети Муфтий.

Муну менен катар Азирети Муфтий маркумдун артынан кайрымдуулук кылуу жалаң гана элге тамак-аш  тартып, сооп багыштоо менен чектелбей турганын,  анын ордуна коомчулукка пайдасы тие турган мектеп же оорукана сыяктуу социалдык мекемелерге керектүү жабдыктарды алып берсе маркумга дагы да сооптуу болоорун билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар райондогу ысырапкорчулуктун алдын алууда дин кызматкерлери менен кызматташууну мындан дагы бекемдеп, эл арасында агартуу, түшүндүрүү иштерин чогу жүргүзө тургандыгын билдиришти.