Аалымдар Кочкор районунун тургундары менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп беришти

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында эл менен жолугушуу өтүп, ага Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдыманап кары Масалиев, Азирети Муфтий Замир кары Ракиев, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Абдишүкүр ажы Нарматов, Нарын облусунун казысы Эрик ажы Молдокулов жана Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким  Эрмекбай Омошев катышты.

Эл менен жолугушуунун алкагында  Азирети Муфтий эл ортосундагы ынтымакты бекемдеп, ар кандай терс көрүнүштөрдөн оолак болууга үндөдү. Ошондой эле адамдардын ортосундагы бири бирине болгон жакшы мамиле, улууларга болгон урмат-сыйдын өсүшү менен келечек оңоло тургандыгын билдирди.

«Жөнөкөй адамдардан тарта жетекчилерге чейинки адамдардын ниеттери оңолуп, Жараткандан коркуу сезими болсо, ошондо мамлекетибиз  өнүгөт. Жаштарга туура тарбия берүү мамлекетибиздин өнүгүүсүнүн ачкычы, келечек муунду тарбиялоого бардык аракетибизди жасайлы. Муну менен катар ысырапкорчулуктун алдын алууда эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Алла Таала Кереметтүү Курандын Аъраф сүрөсүнүн 31-аятында: “Жегиле, ичкиле, бирок ысырапкорчулук кылбагыла! Анткени, Аллах ысырапкорлорду жакшы көрбөйт. (“Аъроф” сүрөсү; 31-аят) -деп  буюруп жатат» ,-деди Азирети Муфтий.

Жыйын суроо-жооп менен коштолуп, катышуучулар элдин суроолоруна жооп беришип, сунуштарын  жазып алышты.