Кызыл-Кыя хатибиятынын демилгеси менен жардамга муктаж эженин үйү заманбап оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатиби Нийматилла ажы Топчиевдин демилгеси, «Ыйман» аманат фондунун колдоосу менен Кызыл-Кыя шаарында үч баласы менен шарты жок батирде жашаган жардамга муктаж эженин үйү бардык шарттары менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, ээсине тапшырылды.

«Динибиз кайрымдуулукка, муктаждарга көмөк көрсөтүүгө чакырат. Сооптуу иште жардам колун сунган «Ыйман» аманат фондунун жамаатына Кызыл-Кыя хатибиятынын атынан ыраазычылык билдирем. «Ынтымак бар жерде ырыскы бар» демекчи, биз биримдикте болсок, сараңдыктан арылсак, элибизде жардамга муктаждар азаят», – деди Нийматилла ажы Топчиев.