Жети-Өгүздө «Биз бактылуу жана максаттуу жашоону тандайбыз» аттуу таалим-тарбиялык жолугушуу өттү

Жети-Өгүз районунун баш имам-хатиби Талантбек Акылбек уулу Оргочор айылындагы Мамбет Тынаев атындагы орто мектебинде 8-9-10-11-класстарынын окуучуларына «Биз бактылуу жана максаттуу жашоону тандайбыз» аталышта таалим-тарбиялык лекция окуп, түшүндүрүү ишин жүргүздү.

“Бактылуу, максаттуу жашоо албетте, Мекендин тынчтыгы, мекенди сүйүү менен болот. «Мекенди сүйүү ыймандан». Мекенди сүйүү – куру сөз менен болбойт. Мекенди сүйүү – кайсы бир улуттук кийимди кийип алуу менен болбойт. Мекенди сүйүү – ага болгон кызмат менен болот”, – деп айтты Акылбек Талантбек уулу лекциясында.

Баш имам-хатиб өз лекциясында суицид жана терс диний агымдардын таасирлери туурасында айтып, жаш өспүрүмдөрдү татыктуу билим алууга жана адептүүлүккө чакырды.