Акыйда мугалимдеринин квалификациялык билимин жогорулатуу семинары жыйынтыкталды

Бишкек шаарындагы «Биринчи кадам» мекемесинде диний окуу жайлардагы (ДОЖ) акыйда устаздарынын квалификациялык билимин жогорулатуу боюнча 7 күндүк окуу семинары жыйынтыкталды. Үстүбүздөгү жылдын 27-февралында башталган семинарга Нарын, Талас, Ысык-Көл, Чүй облустары жана Бишкек шаарындагы диний окуу жайларда эмгектенген акыйда устаздары матуридилик этикады боюнча тереңдетилген билим алышты. Жыйынтыктоочу иш-чарага катышкан Азирети Муфтий атайын убакыт бөлүп, алыс-жакындан окууга келген мугалимдерге ыраазычылык билдирип,

«Алла Таала эң ардактуу, эң сооптуу, эң сыйлуу озуйпаны сиздерге насип кылыптыр. Биз көп жылдан бери төл акыйдабыз Матуридилик боюнча айтып келебиз. Акыйдабыздын негизинде 7 күндүк семинар уюштурдук. Жалпыга маалым болгондой, акыйда илими абдан назик маселе. Акыйданы сактап калалы. Аны сактап, жаш муунга таза бойдон жеткирчү сиздерсиздер», – деди өз сөзүндө.

Ал эми мударристин коомдогу орду, талабаларга мамилеси жана акыйда илиминин мааниси боюнча сөз сүйлөгөн Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдыманап кары Масалиев төмөнкүлөргө токтолду.

«Молдо болуш оңой, аны сактап калыш кыйын. Аллага, пайгамбарыбызга, элге уят болбой, молдочулукту татыктуу алып кетүүгө аракет кылуу керек. Ушул жерден алган акыйда боюнча туура билимди медреселерге таркаткыла. Акыйдада бир болушубуз кажет. Мамлекеттин тынчтыгы, диндин өнүгүшү үчүн биримдикте бололу. Өлкөдөгү мусулмандар бөлүнүп-жарылбашы үчүн акыйдада матуридиликти, амалда ханафиликти бекем кармануу шарт».

Белгилей кетсек, аталган окутуу Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин №1 токтомунун негизинде КМБДнын диний билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулду. Тахавия акыйдасынын Абу Хафз Сиражидин аль-Газнавийдин шархынын негизинде өтүлгөн семинарга бир гана медресе мударристери эмес, айрым мечит имамдары да катышканын КМДБнын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов билдирди.