Музаффар ажы Турдубаев: «Мечит кургандарга бейиштен хансарай убада кылынган»

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Гулистан айыл өкмөтүнүн Тажик-Кыштак айылындагы “Абдулла ажы” мечитинин эскилиги жетип калгандыктан, анын ордуна бардык шарттары каралган заманбап мечит курулуп бүткөрүлдү.

Кечээ, 5-март күнү мечиттин ачылыш аземи болуп, ага Ноокат районунун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев, айыл өкмөттүн имамдары жана жергиликтүү эл катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Музаффар ажы мечит куруудагы сооптор, мечитти абад кылуу жана эл ынтымагы боюнча баяндама жасап жатып төмөнкүлөргө токтолду:

“Эң оболу бул мечиттин курулушуна салым кошкондорго ыраазычылык билдиребиз. Пайгамбарыбыз (с.а.в) өз хадисинде: “Мечит – ар бир такыба кишинин үйү”, – деп айткан. Мечит – бул бир гана ибадат кылынуучу жай, аны кургандарга Жараткан Алла Таала бейиштен хансарай убада кылган. Мечит ар кандай кымбат баалуу таштар менен кооздолбойт, мечит ага келген жамаат жана анда намаз окуган эл менен кооз. Мечитти ушул боюнча таштап койбостон, парз намаздарыбызды мүмкүн болушунча мечиитте окууга аракеттенели”.