Сузактагы диний кызматкерлерге мазхаб карманунун зарылдыгы боюнча сабак уюштурулду

Бүгүн, 6-март күнү Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков баштаган казыят кызматкерлери, Сузак райондук хатибиятынын кызматкерлери, медресе, окуу борборлордун мүдүрлөрү, айыл өкмөттөрдүн жооптуу имамдары, жума мечиттердин имам-хатибдери жана имамдары болуп, жалпысынан 150 дөн ашуун диний кызматкердин катышуусунда Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүндөгү “Абу Ханифа” жума мечитинде жыйын жана сабак болуп өттү.

Сабактын темасы “Мазхаб кармануу, нике, талак маселелери жана  үй-бүлө институтун бекемдөө” болду.

Жыйындын башында облус казысы Нематулла ажы жалпы диний кызматкерлерге эсептик каттоодон өтпөй жаткан мечиттер боюнча токтолуп, ишти жандандыруу жана тез арада каттоодон өткөрүү керектигин эскертти. Андан тышкары райондогу диний окуу жайлардын мамлекеттик эсептик каттоодон өтпөй туруп иш алып барып жаткан эки окуу жайдын ишмердүүлүгү токтотулганын, мындан ары казыяттын маалыматы жок, эсепттик каттоодон өтпөгөн диний мекемелер, мечиттер, окуу жайлар, окуу борборлор болбошу керектигин, бул боюнча диний идараны курган демөөрчүлөргө, жергиликтүү элге жана тийиштүү жактарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү, райондун жана айыл өкмөттөрдүн имам-хатибдерине, медересе, окуу борборлордун мүдүрлөрүнө тапшырма берди.

Казынын орун басары Алибек ажы Батыралиев диний кызматкерлерге ханафи мазхабы, мазхаб карманунун заарылдыгы боюнча кеңири түшүнүк берди. Казы орун басары учурда катталып жаткан үй-бүлөлөрдөгү ажырашууну алдын алуу жана аны кыскартуу боюнча шарияттын негизинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү зарылдыгын белгилеп, үй-бүлө институтун бекемдөө боюнча имамдарга КМДБдан чыккан нике журналын колдонууларын талап кылды.

“Илим кербени менен жыйын, сабак, лекция, семинарларды облустун бардык район-шаарларында өткөзүү иш-планыбызда бар. Облусубуздун бардык район-шаарларындагы диний кызматкерлерин чогултуп сабак уюштуруп, суроолоруна жооп берип, айтор тыгыз иш алып барабыз”, – деп билдирди казы орун басары Алибек ажы.