Кара-Кулжанын баш имам-хатиби маркумду акыркы сапарга узатуу аземинде ысырапкерчиликке жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Бүгүн, 6-март күнү Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылында кайтыш болгон маркумду акыркы сапарга узатуу аземи болуп, ага райондун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев катышып, айыл элин жана маркумдун жакындарын ыксыз чыгымдарга жол бербөөгө чакырып, ысыраптын шариятта оор күнөө экендигин баяндады.

Баш имамдын айтымында, маркумдун жакындары насаатты туура кабыл алып, жандык союудан баш тартышты.

“Негизи Куранда: “….жегиле, ичкиле бирок (ошол эле учурда) ысырап кылбагыла! (Анткени) Алла Таала ысырап кылуучуларды жакшы көрбөйт”, – деп айткан. Кур намыска алдырып, сооп иш аткаруунун ордуна Куранда жана хадистерде жаман жорук экендиги айтылган ысырапкерчиликке кол урбайлы. Ысырапкерчилик тамак-ашта, той-топурларда, ушул сыяктуу маркумду узатууда көп кездешип жатат. Аталган иштерди өзүбүз кылып коюп жатабыз. Келиңиздер, баарыбыз бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, бул начар жоруктарды токтотолу.  Анткени жогоруда айтылгандардын баары кудай сүйбөгөн күнөө иштерден”, – деди Дастан ажы Мамаев.