Караколдо диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат боюнча тегерек стол уюштурулду

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын алкагында тегерек стол болуп өттү. Аталган иш-чара дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү Асылбек Мамбетовдун жетекчилиги менен уюштурулуп, облустук казыяттын жалпы кызматкерлери, шаар-райондук баш имам-хатибдер жана башка диндин өкүлдөрү катышты. Иш-чара Каракол шаарындагы Парковая көчөсүндө жайгашкан “Отель 148” мейманканасынын конференц-залында өттү.

«Бул тегерек столдун максаты, облус боюнча диндер аралык ынтымакты бекемдөө, буга чейинки аткарылган иштер боюнча жана ошол иш-аракеттердин жыйынтыгы туурасында атайын презентацияларды көрсөтүп, учурдагы коомдогу ар кыл көйгөй, маселелер боюнча биргеликте талкуу кылуу, диалог өткөрүү», – дейт Асылбек Жунушбаевич.

Тегерек столдун жүрүшүндө группаларга бөлүнүп аралашып иштөө, коомдогу көйгөй жаратып жаткан маселелер боюнча жана аларды чечүүнүн жолдору туурасында презентациялар аткарылып, аларды жактоо жана суроо-жооп уюштурулуп, жалпы катышуучуларда активдүүлүк жаратты.

Уюштуруучу топ аталган тегерек стол Ысык-Көл облусунда биринчи жолу өткөрүлүп жатканын жана алдыда башка облустарда дагы уюштуруп, ишмердүүлүктү ырааттуу жүргүзө берүү туурасында токтолуп өттү.