Таалай ажы Акунов жаш өспүрүмдөрдү адептүүлүккө чакырып, ата-эне жана мугалимдерди сыйлоого үндөдү

Тоң районунун баш имам-хатиби Таалай ажы Акунов Тоңдогу Темир-Канат айылында жайгашкан “Кулуке Темиров” атындагы орто мектебинин окуучулары менен жолукту.  

«Бул иш-чаранын максаты, билим алып жаткан окуучуларга «Ислам тынчтыктын дини», «Наркоманиянын зыяндуулугу», «Салт жана дин» темалары туурасында кеңири маалымат берип, экстремизм, терроризмге арбалбоо боюнча түшүндүрүү ишин өткөрүү болду. Мындан сырткары мугалимди сыйлоо, ата-энеге урмат-сый туурасында дагы кеңири насаат айтып, окуучуларды адептүүлүккө чакырдык», – дейт Таалай ажы өз сөзүндө.   

Аталган жолугушууга мектеп жетекчилиги, айыл аксакалдары, ата-энелер, укук коргоо органдары, РИИБ алдындагы жаштар жана өспүрмдөр менен иштөө бөлүмүнүн өкүлдөрү жана окуучулар толук катышты.

“Бул иш-чара жылдык иш-планда каралып, район боюнча бардык мектептерди кыдырып келебиз. Аны менен бирге эле айыл эли менен жолугушуу сыяктуу иштер ар дайым аткарылып келе жатат”, – билдирди баш имам-хатиб.