Азирети Муфтий башында турган аалымдардын «Агартуу кербени» Ысык-Көлгө сапар тартат

2023-жылдын 9-10-март күндөрү Ысык-Көл облусуна уюштурулуп жаткан «Агартуу кербени» иш-сапарынын алкагында эл менен жолугушуу өткөрүлөт. Азирети Муфтий Замир кары Ракиев баш болгон КМДБнын жетекчилиги жана Аалымдар кеңеши төмөнкү графиктеги аймактарга барышат

1. Азирети Муфтий Замир кары Ракиев жана Шакир ажы Маматов – Каракол шаары;

2. Абибилла ажы Кадырбердиев жана Көчкөнбай ажы Садиллаев – Чолпон-Ата шаары;

3. Жоробай ажы Шергазиев жана Жеңиш ажы Курбанов – Балыкчы шаары;

4. Султанали ажы Гапуров жана Кызыр ажы Жээнбеков – Түп району;

5. Бахтияр Токтогазы уулу жана Бекжан Асивеев – Тоң району;

6. Равшан ажы Эратов жана Абдиравшан ажы Дүйшеев – Ак-Суу району;

7. Абдулазиз ажы Туташбаев жана Абдулла ажы Асыранкулов – Жети-Өгүз району.

Элдик жыйында негизинен ысырапкорчулукка бөгөт коюу жана салттуу ислам боюнча баяндамалар жасалып, суроолорго жооп берилет.