Абибилла ажы Кадырбердиев: «Аракет бизден, ийгилик Алладан»

Бүгүн, 9-март күнү Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын Борбордук мечитинде район-шаарлардын баш имам-хатибдерине жыйын өткөрүлдү. Жыйында диний объектилердин эсептик каттоо маселеси, ысырапкорчулуктун алдын алуу, зордук-зомбулукка бөгөт коюу, салттуу ислам дүйнө таанымын жайылтуу, илим-билимдин зарылдыгы, жаш өспүрүмдөрүн тарбиясы, ата-эне жана мугалимдерине болгон мамилеси талкууланып, райондук баш имамдарга бир катар тапшырмалар берилди.

«Жалпыга маалым болгондой, өлкөбүздө “үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча» жарлыкты ишке ашыруу үчүн жер-жерлерди кыдырып, элге шарияттык жактан туура маалымат берип, айтор диний агартуу иш-чараларын өткөрүп жүрөбүз. Бул жаатта имамдарыбыз, баш имам-хатибдерибиз жигердүүлүк менен иш алып барышты. Алла таала кылган кызматыңыздарды кабыл кылган болсун. Дагы да түшүндүрүп, айтып жеткире берели. Анткени аракет бизден, ийгилик Алладан», – деп билдирди Азирети Муфтийдин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев.   

Белгилей кетсек, муфтият кызматкерлери жана Аалымдар кеңешинен турган дин аалымдарынын агартуу кербени эртең, 10-март күнү Ысык-Көл облусуна караштуу аймактарда эл менен жолугушууларды өткөрөт.