Жалал-Абад шаарында имамдарга мазхаб карманунун зарылдыгы жана нике маселеси боюнча сабак өтүлдү

Бүгүн, 9-март күнү Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Алибек ажы Батыралиев, Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби Жунус ажы Исмаилов жана Жалал-Абад шаарынын жума мечиттеринин имам-хатибдери жана имамдары, медресе, окуу борбордун мүдүрлөрү болуп, жалпысынан 20 дан ашуун диний кызматкердин катышуусунда Жалал-Абад шаарынын “Насырдин-Ата”жума мечитинде сабак уюштурулду.

Сабак “Ысырапкорчулукка жол бербөө”, “мазхаб карманунун заарылдыгы” жана “нике маселеси” боюнча өтүлдү.

Казынын орун басары Алибек ажы Батыралиев диний кызматкерлерге ысырапкорчулукка жол бербөө, ысырапкорчулуктун шариятта тыйылуусу, ханафи мазхабы, мазхаб карманунун заарылдыгы боюнча кеңири түшүнүк берди. О.э. КР Президентинин “үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча» жарлыгын, КМДБнын ысырапкорчулукка каршы фатваларын жайылтууну күчөтүү, үй-бүлөлөрдөгү ажырашуунун алдын алуу жана аны кыскартуу боюнча шарияттын негизинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл экендигин белгилеп, үй-бүлө институтун бекемдөө боюнча айтып, имамдардан нике журналын колдонууну талап кылды.

Жыйындын аягында шаардын баш имам-хатиби Жунус ажы Исмаилов ар бир имам өзүнүн аймагындагы жамааттарга жогорудагы маселелер боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды. Кайсыл бир имам КМДБнын, облустук казыяттын, баш имам-хатибдин тапшырмаларын аткарбаса, баш ийбесе, эскертүү берилип кызматтан бошотуларын эскертти.