Ош шаардык казыятында имамдардын жыйыны өткөрүлүп, жаңы дайындалган казы орун басары тааныштырылды

Ош шаардык мусулмандарынын казыятында имамдардын айлык жыйыны өттү. Жыйынга КР ДИМКнын түшүк бөлүмүнүн башчысы И. Мурзабеков, Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов жана дин кызматкерлери катышты:

Жыйында Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов төмөндөгү маселелерге токтолду:

1.  Ош шаарынын казыятында жаңы дайындоолор болгонун, шаардык мусулмандарынын казысынын орун басары болуп Мухаммадяр кары Курбанбеков дайындалганын белгиледи жана жамаатка тааныштырды. 

2.  Алдыда келе жаткан Рамазан айында уюштурулуучу иш-чараларга токтолуп, бардык мечиттерде таравих намазы окула турганын, аларга жетишерлик карыларды дайындоо, орозодо ЖМК менен тыгыз иштешүү зарылдыгын талкуулады.

3. Жаз айлары келип калгандыктан жашылдандыруу иштерин, көчөлөрдү тазалоо жана мечиттерди актап-сырдоо жумуштарын баштай берүүнү имамдарга тапшырды.