Баткен облусунун казысы: «Мамлекетибиздин өнүгүүсүнө дин кызматкерлеринин салымы чоң»

Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров Баткен казыятынын жыйындар залында шаар имамдарына жыйын өткөрүп, анда Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан берилген тапшырмалар боюнча иш жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын Коргоо Кеңешинин “Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты” жөнүндө чечимин ишке ашыруу, сунний багыттындагы матуридилик акыйдасы жана ханафи мазхабын бекемдөө, калк менен, өзгөчө жаштар, аялдар менен жүргүзүлүп жаткан иштер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо органдары менен биргелешип аракеттенүү, мечиттерди каттоодон өткөрүү боюнча маселелер каралды.

Жыйын жүрүшүндө имамдардын сунуш-пикирлери эске алынып, тийиштүү тапшырмалар берилди.

“Мамлекетибиздин өнүгүүсүнө дин кызматкерлеринин салымы чоң деп ойлойм. Бүгүн райондук жана шаардык баш имам-хатибдерге имамдар, медресе мүдүрлөрү арасында жакшылыкта атаандаштыкты күчөтүү максатталды. Ошондой эле кийинки  жыйынга чейин берилген тапшырмалардын аткарылышы зарыл”, – деди Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров.