Жалал-Абад: диний объектилердин эсептик каттоосу боюнча жыйын өттү

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыятында мечиттерди каттоодон өткөрүү боюнча жыйын болуп өттү. Жыйынга КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров, Азретий Муфтийдин орун басары Асан ажы Сыргабаев, ДИМКнын Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү Нурбек Кайсарбаев, Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков жана Жалал-Абад шаары, Аксы, Ноокен, Базар-Коргон, Сузак райондорунун баш имам-хатибдери жана имамдары катышты. Жыйынды Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков ачып, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаровго сөз берди.

ДИМК директору ар бир район-шаарлардын баш имам хатибдеринен каттоодон өтпөгөн мечиттердин санын, өтпөй жаткан себебин, жайгашкан участкаларын тактап сурады. Өзгөчө Сузак районунда каттоодон өтпөгөн мечиттер көп болгондугуна байланыштуу аталган районго атайын токтолуп, мечиттин эсептик каттоодон өтпөй жаткан себептерин, эгер авариялык же ылайдан салынган мечиттер болсо муфтиятка же КР ДИМКга кайрылуу керектигин белиледи.

Ал эми ДИМКнын Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү Нурбек Кайсарбаев 2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекттик саясаттын концепциясы боюнча кеңири түшүндүрүп берип, район-шаарлардын баш имамдарына Концепция боюнча жалпы дин кызматкерлерине жеткиликтүү түшүнүк берүү тапшырмасын берди.

Облустагы имам-хатибдер Азретий Муфтийдин орун басары Асан ажы Сыргабаевге “ак куулар”, “ордочу”, “теңирчилер” көбөйүп бара жаткандыгы боюнча айтып, муфтияттан алардын терс жактары тууралуу элге көп-көп түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү суранышты.

Иш-чара суроо-жооп менен уланып, дуба менен жыйынтыкталды.