ФОТО: КМДБнын Ысык-Көл облусундагы «Агартуу кербени» иш сапары жыйынтыкталды

Облус аймагында эл менен жолугушууларда ысырапкорчулукка жол бербөө, зордук-зомбулуктун диндеги өкүмү жана кесепеттери, салттуу ханафилик мазхабы жана матуридилик акыйдасынын артыкчылыктары, дин атын жамынган агымдарга азгырылбоо, илим-билимдин пазилеттери, ата-эне жана мугалимдерди урматтоо темаларында докладдар окулуп, баяндамалар жасалды.

Диний агартуу кербени иш-сапарындагы урунттуу учурлар:

  • Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын Борбордук мечитинде район-шаарлардын баш имам-хатибдерине жыйын өткөрүлдү. Жыйынды Азирети Муфтийдин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган КМДБ кызматкерлери өтүп, райондук баш имамдардын ишмердүүлүгүнө баа берилди.
  • Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев КР президентинин Ысык-Көл облусунундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов менен жолугушуп, облустагы диний абал боюнча пикир алышты.
  • Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев баштаган агартуу кербенинин мүчөлөрү Ысык-Көл мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын президентинин Ысык-Көл облусунундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетовдун катышуусунда эл менен жолугушту.
  • Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган аалымдар тобу Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында эл менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Калыбек Жумадылов жана Чолпон-Ата шаарынын мэри Жапар Ормонов баштаган шаардык жана райондук бийлик өкүлдөрү, дин кызматкерлери, аксакалдар жана шаар тургундары катышты.
  • Муфтият кызматкерлери жана Аалымдар кеңешинен турган топтор Ысык-Көл облусундагы бардык райондордун администрация залдарында эл менен жолугушууларды өткөрдү.
  • Муфтият кызматкерлери жана Аалымдар кеңешинен турган топтор облустагы ири жума мечиттеринде ысыраптын алдын алуу жана салттуу ислам боюнча баян жасашты.   
  • Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында курулуп жаткан казыяттын курулушу менен таанышты.