Ош шаарынын казысы ажы башчылыкка талапкерлерди кабыл алып, аларга ийгилик каалады

Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов шаардык казыяттын кеңсесинде 2023-жылкы ажы башчылыкка талапкерлер менен жолугушуу өткөрдү. Талапкерлерди жылуу кабыл алган Мирланбек ажы Токтомушов аларга өз сунуштарын жана каалолорун айтып өттү.

Ажы башчыларга коюлган талаптардын маанилүү экендигин айткан калаа казысы казыят тарабынан берилчү сунуш каттарын берип жатып экзаменге чейин убакыт бар экенин белгиледи жана сынакка жакшы даярдануу керектигин айтты.