Өзгөн районунда Пайгамбарыбызды сүйүүгө багытталган ыйман кечеси өткөрүлдү

Ош облусунун Өзгөн районунда райондук хатибият жана «Адеп башаты» диний уюмунун Өзгөн райондук өкүлчүлүгү тарабынан пайгамбарыбыздын туулган айына каратка «Ыйман кечеси» уюштурулду. Ага райондун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров, «Адеп башатынын» диний уюмунун Өзгөн райондук өкүлү Омурбек Бекташов, дин кызматкерлери жана район тургундары катышты.

Кечеде пайгамбарыбызды (с.а.в.) сүйүү, анын сүннөттөрүнө бекем болуу, ал заттын өмүр таржымалы, ар кандай тарбиялык багыттагы кыска тасмалар көрсөтүлүп, акындардын пайгамбарга арналган ыр саптары жаңырды. Кеченин соңунда райондун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров уюштуруучуларга жана келген конокторго ыраазычылыгын билдирип, пайгамбарды сүйүүгө жана ал затты ээрчүүгө чакырды.