![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2023/03/image-10-03-23-20-54.jpeg)
Кечээ, 10-март күнү, Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев Кашка-Жол айылынын тургундары менен жолугушту. Райондун баш имам-хатиби жолугушууда айылдын борбордук мечитинде аманатка бекем болуу, ыксыз чыгымдардын алдын алуу, жаз келгендигине байланыштуу айлана-чөрөнүн жана мечиттердин тазалыгына көңүл бурууга чакырды.
“Кудай Таала Куранда момун пенделерин сыпаттап «Ийгиликке жеткен момундар… Алар аманаттарга бекем жана берген анттарына бек тургандар», – деп айтат. Аманатка кыянаттык кылуу момундук сыпаттарга каршы келет жана чоң күнөө болуп саналат. Бизге түрдүү аманаттар берилген, алардын эң чоңу – дин аманаты. Динде бекем болуп, шариятта көрсөтүлгөн сооптуу иштерге умтулуп, күнөө иштерден узак бололу», – деди Дастан ажы Мамаев.
![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2023/03/image-10-03-23-20-54-2.jpeg)