Кара-Сууда имамдын демилгеси менен ишембилик уюштурулуп, 55 кап таштанды чыгарылды

Кечээ, 11-март күнү Ош облулусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу «Абдираим дамла» мечитинин имам-хатиби Аширали Нурдиновдун демелгеси менен массалык ишембилик уюштурулду. Мечит жамааты жана жергиликтүү жашоочулар Жаңы-Гараж, Кара-Суу деп аталган эки чоң көчөнүн арыктарын, жолдорун тазалашып, жалпысынан 55 кап таштанды чыгарышты.

Саамалыктын алкагында айылдын көрүстөнү да тазаланып, өткөн маркумдарга багышталып Куран окулду.

«Динибиз тазалыктын үстүнө курулган. «Аллах Таала –Таза Зат, тазалыкты сүйөт» деген хадис тазалыктын канчалык маанилүү экенин белгилейт. Демек, момун-мусулман өзүн, жүрөгүн, таза кармоо менен бирге, үй-жайын, айлана-чөйрөсүн, айыл-шаарын, ал тургай маркумдар жаткан көрүстөндү да таза тутат», – деди Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров.