Орозо качан башталат?

2023-жылдагы ыйык Рамазан айы 23-мартта башталат. 22-мартта өлкө аймагындагы бардык мечиттерде таравих намазы окулат. Ислам шариятында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) өз сөзүндө: “Айды көрүп орозо кармагыла жана айды көрүп оозуңарды ачкыла. Эгерде кандайдыр себептер менен силерге ай көрүнбөй калган болсо, анда айды отузга толтуруп эсептегиле”, – деп буйруган (Сахих муслим, 1081).

1. 2023- жылдын 23-март күнү Рамазан айынын биринчи күнү болуп бекитилсин.

2. 2023-жылдын 22-мартында өлкө аймагындагы бардык мечиттерде таравих намазы башталсын.

3. Фатваны аткаруу бардык Кыргызстан мусулмандары үчүн шарияттык милдет болуп эсептелинет.

Эскертүү: Жогоруда көрсөтүлгөн күн Айдын чыгуусуна карап бир күнгө айырмалануусу мүмкүн.