Ош шаарында “Азайсын кемтик-каталар, даңктала берсин Аталар!” аттуу ыйман кечеси өттү

Ош шаарында “Адеп башаты» диний уюму жана Ош шаардык мусулмандарынын казыяты тарабынан “Азайсын кемтик-каталар, даңктала берсин Аталар!” аттуу ыйман кечеси уюштурулду. Кечеге Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, ДИМК түштүк аймактык бөлүмүнүн өкүлдөрү, Ош шаардык мусулмандарынын казысынын орун басары Мухаммадяр кары Курбанбеков башында турган дин кызматкерлери жана “Адеп башаты» диний уюмунун кызматкерлери катышты.

Ыйман кечесинде Ош шаардык мусулмандарынын казысынын орун басары Мухаммадяр кары Курбанбеков пайгамбарыбыз Мухаммадды (с.а.в.) жакындан таануу боюнча кеп козгоп, анын өмүр баянына кыскача токтолуп, пайгамбарыбызга салават айтуунун артыкчылыгын жана зарылчылыгын айтып өттү.

Ошондой эле казы орун басары келген конокторго ыраазычылыгын билдирип, жалпы катышуучуларды пайгамбарыбызды сүйүүгө чакырды.