Чүйдө медресе студенттери ишембиликке чыгышты

Чүй облусунун аймагындагы диний окуу жайларда массалык ишембилик иш-чарасы уюштурулду.

«Тазалык динибиздеги эң негизги принциптерден. Улуу ислам адамзатка ишенимдин, ойдун, пикирдин, жашоо образынын, түшүнүктүн, баалуулуктардын, көз караштардын эң тазасын тартуулаган. Бети-колду, тулку-бойду, кийим-кечени, үй-жайды, айлана-чөйрөнү, дүйнөнү, жүрөктү, руханиятты таза тутууну да динибиз үйрөткөн. Медреселердеги талабаларыбызга тазалык принциби жогорку деңгээлде үйрөтүлөт. Алар жаз жана күз мезгилдеринде салттуу түрдө ишембиликтерге чыгышат», – деп билдирди КМДБнын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов.

Бөлүм башчынын айтымында, диний окуу жайлардын айланасындагы тазалык иш-чарасы Азирети Муфтийдин тапшырмасынын негизинде уюштурулган.